Жаңылыктар
Ат-Башы районунун Бирлик айылында хоккей боюнча республикалык турнир өттү
Спорт
Ат-Башы районунун Бирлик айылында хоккей боюнча республикалык турнир өттү

Ат-Башы районунун Бирлик айылында хоккей боюнча республикалык турнир өттү. Кышкы спорт сүйүүчүлөрүнүн кызыгуусун жараткан бул мелдеште, жергиликтүү эки командадан тышкары Бишкек, Каракол, Нарын шаарларынын жана Нарын районунун хоккейчилери күч сынашты. 

Айлампа түрүндө өткөн ар бир беттешүүдө жеңиш оңойго турбай, муз аянтында чыныгы атаандашуу өкүм сүрдү. 16 жаштан 50гө чейинки оюнчулардан турган тайпа мыкты чеберчилигин көрсөткөндүктөн, мелдеш курч муноздо отту. Биринчи оорунду Бишкектин командасы жеңип алса, андан кийинки мөөрөйдү Нарын шаарынан барган топ алды. Мындан тышкары таймашта өзүн мыкты көрсөткөн оюнчулар сыйланышты.