Жаңылыктар
Президент Саламаттык сактоо министрин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Саламаттык сактоо министрин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Министр мамлекет башчыга саламаттык сактоо тармагында жүрүп жаткан реформалар, ооруларды алдын алуу боюнча чаралар, жарандардын саламаттыгын бекемдөө боюнча кызматты жайылтуу жана коомдун саламаттык кызматын оптимизациялоо боюнча иш-аракеттерден маалымат берди.

Талантбек Батыралиев  жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча аткарылып жаткан аракеттер туурасында да кеп салды.Мындан тышкары өлкө аймагына курулушу пландалып жаткан ири медициналык мекемелер жана чек арада санитардык-карантин жайларын жаңылоо аракеттери туурасында

сөз болду. Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо тармагын реформалоонун зарылдыгын белгилеп, жемкорлукту жок кылуу жана бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу керектигин белгиледи.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118