20-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өттү деп тааныды.
БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болсо, 1 млн 394 миң 218 адам добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 39,12 %ын түзөт. Анын ичинен президенттик башкарууга 1 млн 136 миң 155 адам же 81,49 %, парламенттик башкарууга 152 миң 81 адам же 10,91 % жана бардык варианттарга каршы деп 62 миң 265 адам же 4,47 % добушун берген.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.