Жаңылыктар
БШК: президенттикке ат салышкан 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылат
Шайлоо 2023
БШК: президенттикке ат салышкан 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылат

Президенттикке ат салышкан 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан билдиришти. 

Ар бир президенттикке талапкер БШКнын депозиттик эсебине 1 млн сомдон шайлоо күрөөсүн төккөн. Ага ылайык, эсепке президенттик кызмат ордуна 21 талапкерден 21 млн сом шайлоо күрөөсү түшкөн. Анын 3 миллион сому президенттин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткан 3 адамга кайтарылып берилет. БШКнын депозит эсебиндеги калган 18 млн сом суммасындагы шайлоо күрөөлөрүнүн каражаттарынын 7 млн сому аларды төккөн президенттик кызмат ордуна талапкерлерге кайтарып берилүүгө тийиш. 

Мыйзам талаптарына ылайык, 1%дан көп добуш алган талапкерлер Садыр Жапаров, Мыктыбек Арстанбек, Клара Сооронкулова, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров жана Бабур Төлбаевге 1 млн сом суммасындагы шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Ал эми шайлоочулардын 1 пайыздан кем добуштарын алган башка талапкерлердин жана катышуудан баш тарткан талапкер Рашид Тагаевдин шайлоо күрөөлөрүнүн 11 млн сому бюджетке чегерилүүсү керек.