Жаңылыктар
«Талас салгылашуусу» аталып, дүйнө тарыхына таанылган аянт Талас облусунда жайгашкан
Аймак
«Талас салгылашуусу» аталып, дүйнө тарыхына таанылган аянт Талас облусунда жайгашкан

«Талас салгылашуусу» деп аталып, дүйнөлүк тарыхта таанылган аянт Талас облусунда жайгашкан. Бул тарыхый жерге туристтер да кызыгат. 

Бирок, тарыхый окуя болгон жер жарым кылымдан бери иликтенбей, дың бойдон боз талаа болуп жатат. Туризмдин өнүгүшүнө жана тарыхка кайдыгер карабаган жарандар аталган жерди туристтик жайга айлантуу демилгесин көтөрүүдө. Долбоор ишке ашса туризмдин көрүнүктүү үч бурчтугу, же Манас ордо, Чыңгыз ордо жана Атлах шаары кызыгуу жаратмак дейт адистер.

Моймол Жусупова тарыхчы катары Таластын аймагында орун алган тарыхый жайларды илимий жактан изилдеп, коомчулукка таанытуу аракетин жасап келет. Айтымында, тарыхый жайларды аныктоо 20-кылымдын башында активдүү колго алынган бойдон арты уланбай келет. Маселен байыркы Атлах шаарынын орду жетишээрлик деңгээлде изилденбей, баркталбай жатканына өкүнөт. Атлах шаары 700-жылдары гүлдөгөн чоң шаар болгон. Бул жөнүндө Махмуд Кашгари сыяктуу өз заманынын ойчул окумуштуусу өз эмгектеринде жазган.