Жаңылыктар
Жо Байден тууралуу 10 кызыктуу факт
Дүйнө
Жо Байден тууралуу 10 кызыктуу факт

Жо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти. 50 жыл саясатта жүргөн Байден Америка Кошмо Штаттарынын 46-президенти болду.

Жо Байден тууралуу кызыктуу 10 факт:

1. Байден Америка Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң кары президент болуп калды.       Азыр ал 78 жашта.  2. Бала кезинен кекечтиги бар болчу. Мындан арылуу үчүн болгон аракетин көрүп, сүйлөй турган сөздөрүн алдын ала дайындап жүрүп, акыры бул кемчиликти жеңген.

3. Байден президенттик жарышка 3-жолу катышты. Алгач, 1987-жылы ат салышкан. Ошол убакта эле олуттуу талапкерлердин бири болчу, бирок аны британиялык лейбористтердин ал кездеги лидери Нил Кинноктун сөзүн уурдап алган деп айыптап чыгышкан. Дал ушул окуя анын шайлоо кампаниясын үзгүлтүккө учураткан. Экинчи жолу 2007-жылы күчүн сынайт. Айова штатынан бир пайызга жетпеген добуш алып, талапкерлерлигин алып койгон.

4. Америкага XIX кылымда эле жер которгон ирландиялык католиктердин тукумунан. Чоң атасы American Oil мунай компаниясынын бөлүмдөрүнүн бирин жетектеген. Байдендин атасына жакшы эле өлчөмдө мурас калган, бирок Жо төрөлгөн маалда бир-эки ирет байлыгынан кол жууп кала жаздаган.

5. 30 жашында Жозеф Байден сенаторлукка шайланып, АКШнын тарыхындагы бешинчи эң жаш мыйзам чыгаруучу болгон. Андан кийин сенатка беш жолу шайланып, 36 жыл бою сенаторлукту аркалаган (1972-2009).6. 1974-жылы эле Time журналы аны “болочоктун тарыхын жаза турган 200 өкүлүнүн катарына” кошкон.

7. Шайлоодо утуп чыккандан кийин бир ай өтүп-өтпөй жана сенатордук кызматка киришип жаткан учурда үй-бүлөсүндө жамандык болот. Биринчи жубайы Нелия жана 13 айлык кызы жол кырсыгынан каза табат. Эки уулу оор жаракат алып ооруканага жаткырылат. Жо Байден уулдары Бо жана Хантер жаткан ооруканада ант бергенге мажбур болот.8. Жубайынан ажыраганына үч жыл болгондон кийин Байден алдын ала көрбөстөн эле кезигүүгө барып, англис тили мугалими Жилл менен таанышат. Учурда экинчи жубайынан Эшли аттуу кызы бар.

9. 46 жашында Байдендин башындагы эки тамырдын аневризмасын аныкташкан. Саясатчыны оор абалда ооруканага жеткиришип, тезинен операция жасалат. Жарым жылда саламаттыгын чыңдайт, натыйжада сенаттагы ишине кайтат.10. Дүйнөлүк Forbes журналынын аналитиктеринин эсебине ылайык, былтыр Байдендин байлыгы 9 миллион долларга бааланган.