Жаңылыктар
Бишкек-Манас: жол салууда кемчиликтер бар
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Манас: жол салууда кемчиликтер бар

Бүгүн Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкектен Манас аэропортуна чейин созулган жолдун курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Өкмөт башчы сапаттуу салгыла деп оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан компанияга эскертүү берди. Буга чейин парламентте стратегиялык жолдо төшөлгөн асфальт тегиз жаткырылган эмес деген дооматтар айтылган. 

Сооронбай Жээнбеков жолдун курулушу менен таанышууга келе жатып унаа секирип жатканын байкаганын, кайрадан оңдоп чыгууга тапшырма берди. Манас эл аралык аэропортуна кетчү жолду жаңылоо иштери былтыр ноябрь айында башталган. 

Долбоорго бюджеттен 954 миллион сом бөлүнүп, андан тышкары электр мамыларга жана ортосун бөлүп турган тосмону орнотууга кошумча 170 миллион сом каралган. Эки тилкелүү жолдун бир тарабы 23 чакырым болсо, экинчи тарабын кошкондо 46 чакырым жол жасалат. Азыркы күндө жолдун күн чыгыш тарабына асфальт төшөлүп, күн батыш тарабында жумуштар жүрүп жатат. 

Тендерден утуп алган компания өкмөт башчыга кемчиликтер өз эсебинен жоюлаарын жана жол толугу менен август айынын акырында колдонууга берилээрин билдирди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118