Жаңылыктар
Туризм боюнча КМШ жыйыны
Туризм
Туризм боюнча КМШ жыйыны

КМШ өлкөлөрүнүн туризм боюнча Кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өттү. Иш-чара Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигинин 25 жылдыгына карата 7-8-июлга белгиленген. Жыйынга Азербайжан, Армения, Россия, Беларуссия, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Молдова жана Өзбекстандын туризм министрликтеринин өкүлдөрү катышты. 

Жыйында туризм тармагы боюнча, өлкөлөр аралык түрдүү багыттагы иш-чаралардын аткарылышы, бул жаатта тажрыйба алмашуу боюнча пикир алышуу болуп, Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигинин 25 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча маселелер талкууга алынды. 

Эске сала кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн туризм боюнча Кеңеши өз ара кызматташуу максатында 1993-жылдын 23-декабрында түзүлгөн.