Жаңылыктар
Диний сабатсыздыкты жоюуга карата кадамдар
Дин
Диний сабатсыздыкты жоюуга карата кадамдар

Бүгүн Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттине караштуу Теологиялык колледжди расмий ачуу иш-чарасы болуп өттү. Өткөн жылы теологиялык колледждин пилоттук модели университетке киргизилген. Колледж толук негиздеги мамлекеттик талапта жалпы билим алууга, Борбордук Азия жана Кыргызстанга салттуу болгон Исламдын негизги булактарын окууга шарт түзүү максатында ачылууда. 

Ошондой эле, анын түзүлүшү диний жана светтик сапаттуу билим берүүгө жана динчил жаштардын арасында светтик мамлекеттин негиздерин бекемдөөнү камсыз кылууга өбөлгө болот,- дейт катышуучулар. 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев - дүйнө коомчулугуна исламга жаманып алган түрдүү экстремисттик топтор коркунуч туудуруп турган мезгилде, диний сабатсыздыкты жоюп, диний интеллигенциянын санын жогорулатып, светтик жана диний билим берүүнү туура айкалыштыруу - учур талабы экенин белгиледи.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118