Жаңылыктар
Б. Жакиевдин мааракесинин урматына "Кыргыз радиосу" түз уктурууларды уюштурууда
Маданият
Б. Жакиевдин мааракесинин урматына "Кыргыз радиосу" түз уктурууларды уюштурууда



Бүгүн,  КР эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар драматург жана коомдук ишмер, профессор Бексултан Жакиевдин туулган күнү.


Көркөм дөөлөттөрдү аздектеген кыргыз элинин чыгаан атуулунун  80 жылдык маарекесинин урматына КТРКнын “Кыргыз радиосу”  түз уктурууларын сунуштайт. Түз уктурууларга драматургдун жакын санаалаштары келип, чыгармачыл жолуна токтолуп, кызыктуу окуялардан маек курушууда.

Ал эми, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да бүгүн Бексултан Жакиевдин 80 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо жөнөтсө, кечээ премьер-министр Темир Сариев жолугуп, туулган күнү менен куттуктаган.