Жаңылыктар
Борбор калаада кымыз фестивалы өткөрүлдү (жаңыланды)
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада кымыз фестивалы өткөрүлдү (жаңыланды)

Бүгүн борбор калаадагы "Дасмия" комплексинде кымыз фестивалы болуп жатат. Фестивалда Нарын, Суусамыр, Алайкуу, Өтмөк жана Талас жайлоолорунун кымызынын даамы салыштырылды.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, кыргыздын улуттук суусундугунун ден-соолукка пайдалуулугун жана Кыргызстанга гана эмес, бүткүл дүйнөгө таанытуу фестивалдын негизги максаты.

"Ар кандай химиялык кошулмалардан турган суусундуктар сатылып жатат, адамга пайдасынан зыяны көп, ал эми кымыз ата-бабабыздан калган суусундук, экологиялык таза, ден-соолукка дагы чоң пайдасы бар", - дейт уюштуруучу Венера Токтогулова.

Кымыз майрамына келген адамдын саны көп болуп, кымыз жана кымыздан жасалган балмуздак татып, жакшы маанайда фестивалга катышты. Бул майрамга кыргыздар гана эмес, башка улуттун өкүлдөрү жана башка мамлекеттен туристтер дагы күбө болуп, кымыз жөнүндөгү ой-пикирин билдиришти. 

Канададан келген Мэри айым кымыздын даамына таңданып, кыргыздын суусундугу жакканын жашырган жок. 

Фестиваль концерттик программа менен коштолуп, жайлоолор арасында чакан мелдеш уюшулуп, жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылат.