Жаңылыктар
Туристтерди тоногондор кармалды
Кылмыш
Туристтерди тоногондор кармалды

Ысык-Көлгө келе жаткан туристтерди милицияда иштеп кеткен мурунку кызматкерлер тоногон. Бул туурасында ИИМ маалымдады. Эске салсак, 4-июль күнү оорулуу баласын дарылатып, эс алдырууга келе жаткан орусиялык үй бүлө жолдон тоноого кабылган. 

Бул кылмышка шектүү деп эки жаран кармалды. Алар мурун милиция кызматында иштеп кеткен жана бул тармактан кылмыш кылгандыгы үчүн бошотулган. Кармалгандар учурда камакка алынды. Алардын бири 41, экинчиси 47 жашта. Азырынча алардын ким экендиги толук маалымдалбайт, дейт Ички иштер министрлиги.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118


Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118