Жаңылыктар
Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Спорт
Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкек шаарында 17-18-февраль күндөрү грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт. Аталган чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында грек-рим күрөшүн популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун бекиткен  эрежелеринин негизинде өтөт.