Жаңылыктар
Кылым карыткан кыргыз кымызы
Маданият
Кылым карыткан кыргыз кымызы

Бишкекте кымыз майрамы болду. Кыргыз элинин улуттук суусундуктарын даңктоо максатында өткөрүлгөн жарманкеде шаардыктарга жана калаанын конокторуна өлкөнүн ар кайсыл бурчунан алып келинген кымыз сунушталды. 

Иш-чарада коомдук ишмерлер жана медицина кызматкерлери кымыздын кыргыз турмушундагы орду жана ден-соолукка тийгизген таасири тууралуу маалыматтары менен бөлүштү. 

Фестивал концерттик программа менен коштолду. Эскерте кетсек, кымыз жарманкеси акыркы жылдары өлкөнүн түрдүү аймактарында уюштурулуп келүүдө.