Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: жер казынасын пайдаланууда кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды
Мекендештер
Кыргызстан - Россия: жер казынасын пайдаланууда кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев «Росгеология» ишканасынын башкы директорунун орун басарлары Артур Узюнкоян жана Пётр Золотарев менен жолугушту. 

Анда алар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин жана Россия компанияларынын Кыргызстанда геологиялык чалгындоо иштерине катышуусун талкууга алды. Мындан сырткары, былтыр март айында Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган Кыргызстандын жер казынасын изилдөө жана өздөштүрүү, минералдык-серьёлук базасын ишке киргизүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында жүргүзүлө турган иштерди жандандыруу боюнча дагы сөз болду.