Жаңылыктар
Жалал-Абад облусундагы 65 айылда социалдык-экономикалык пландар ишке ашырылат
Аймак
Жалал-Абад облусундагы 65 айылда социалдык-экономикалык пландар ишке ашырылат

"CASA-1000" долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы 65 айылда социалдык-экономикалык пландар ишке ашырылат. 

Ага өкмөт менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөн. Өкмөттүн облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик жетекчилери жыйын өткөрүп, анда пандемияда жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалы жакшыртылары айтылды. 

Долбоор Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион долларды түзүп, анын 50 пайызы кайтарымсыз грант болуп эсептелет.