Жаңылыктар
Бразилиядагы учак кырсыгынан футболчулар каза болду
Дүйнө
Бразилиядагы учак кырсыгынан футболчулар каза болду

Футбол боюнча Бразилия чемпиондугунун "D" сериясында ойногон "Пальмас" футболдук клубунун төрт футболчусу жана президенти учак кырсыгында каза болду. 

Кырсык 24-январда эртең менен Лузимангесе аэродромунда болгон. Анда абага көтөрүлгөн жеке учак бир нече мүнөттөн кийин учуп-конуу тилкесине кулап түшкөн. Бортто Лукас Пракседес, Гильерме Ноэ, Рануле, Маркус Молинари аттуу футболчулар, "Пальмас" клубунун президенти Лукас Мейра жана учкуч болгон. Футболчулар "Вила Нова" клубуна каршы ойноо үчүн Гояния шаарына учуп чыккан. Бразилияда 2016-жылы дагы учак кырсыгынан "Шапе Коэнсе" футболдук клубунун оюнчулары каза болуп, үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланган.