Жаңылыктар
Спортко байланыштуу көп сериалдуу көркөм тасма тартылууда
Спорт
Спортко байланыштуу көп сериалдуу көркөм тасма тартылууда

Кыргызстанда спортко байланыштуу көп сериалдуу көркөм тасма тартылууда. Ал КТРК спорт каналынын “Стимул” долбоорунун негизинде даярдалып жатат. Аталган программа аймактардагы жеткинчек спортчулардын жашоо-турмушун, келечек максаттарын, талыкпас машыгууларын чагылдырып келген.

Көп сериалуу көркөм фильмдин жарымынан көбү тартылып бүттү. Иш жаз айларында жыйынтыкталып, кино сүйүүчүлөргө сунушталат. Тасманын буга чейин тартылган бөлүгү менен таанышкандар ага жогору баа беришти.