Жаңылыктар
Якутияда абанын температурасы -60 градуска чейин жетти
Дүйнө
Якутияда абанын температурасы -60 градуска чейин жетти

Акыркы күндөрү Якутиянын бардык аймактарында катуу шамал катталып, анын кесепетинен абанын температурасы кескин төмөндөгөн. Бирок аталган аймактын жашоочулары мындай суукка чыдамдуу келет. Анткени Сибирь суугу бул аймакта жыл сайын ушул мезгилде катталат.

Сибирдин баардык аймактарында катуу шамал катталгандан кийин абанын температурасы -60 градуска чейин жетти. Экстремалдык суук болгондуктан, өкмөт 30-январга чейин мектеп окуучуларын аралыктан окутууну узартты. Бирок Якутск сүрөтчүлөрү бул сууктан корккон жок. Алар өз ишин мурдагыдай эле улантууда.

Ошол эле учурда ПАйде шаарынын тургундары, кар киши парадын өткөрүштү. Алар айрым жолдорду ар кандай түскө боёп, майрам тартуулашты. Жаш балдар менен чогуу алардын ата-энелери жана айрымдарынын чоң-ата чоң-энелери коштоп келген. 

Ал эми Польшада ушул учурда катуу суук күч. Мындай суукту жакшы көргөндөр ден соолугун чыңдоо максатында чуркап, спорт менен машыгуусун уланткандар да бар.

Бирок бул кылгандарын башкалардын кайталабоосу кажет. Анткени ар бир адамдын иммунитети ар башка экенин дарыгерлер эскертип келишет. 

Бирок бул акциянын катышуучулары, мындай сууктагы процедуралар, адамдардын маанайын көтөрүп, иммунитетти чыңдайт деп айтып келишет.