Жаңылыктар
Орто-Сай базарын атайылап өрттөдү деген шек менен бир адам кармалды
Кылмыш
Орто-Сай базарын атайылап өрттөдү деген шек менен бир адам кармалды

Бишкектеги Орто-Сай базарын "атайылап өрттөдү" деген шек менен бир адам кармалды. Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 2020-жылдын 9-ноябрында болжол менен саат 00:25те "102" кызматына Орто-Сай базарынын аймагында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда дүкөн, тез татым жана тигүүчү цех жайгашкан эки кабаттуу имараттын ичинен өрт чыкканы аныкталган. Өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн соттук-өрттүк-техникалык экспертиза дайындалган. Натыйжада Октябрь райондук милициясы тарабынан окуяга шектүү катары 41 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. "Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.