Жаңылыктар
Экспортко даярдык
Экономика
Экспортко даярдык

Бүгүн Темир Сариев “Риха” колбаса чыгаруучу цехин дагы кыдырды. Бул ишкана колбасанын түрүнөн тышкары, башка дагы көптөгөн азыктарды чыгарат. Ишкана жетекчилиги цехтин баардык жабдыктары жаңыланганын жана башка өлкөлөргө өндүрүлгөн продукцияларын экспорттоого карата камылга көрүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөр Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө, ишканалар толук даяр болгондо гана чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. Азыркы күндө ишкана жаңы лабараторияга жабдык алып келип жана башка талаптарды аткаруунун үстүндө иш алып барууда.