Жаңылыктар
Казакстанда калкты жапырт түрдө эмдөөгө даярдык көрүү тапшырмасы берилди
Дүйнө
Казакстанда калкты жапырт түрдө эмдөөгө даярдык көрүү тапшырмасы берилди

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн жалпы жыйынында 1-февралга карата калкты жапырт түрдө эмдөөгө даярдык көрүүнү тапшырды. 

Өкмөт "Атамекен" улуттук палатасы менен бирге бир ай ичинде кишинин иммундук макамы жөнүндө маалыматты камтыган Кю-Ар - кодду киргизүү маселесин иштеп чыгышы керек. Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө 1-февралда башталат. Алгач Россиянын "Спутник-V" вакцинасы менен медицина кызматкерлери, андан соң мугалимдер жана өнөкөт оорулары бар адамдар эмделет. 

Министрликтин маалыматына караганда, 18 жашка чейинки балдарга жана 65 жаштан өткөндөргө вакцина азырынча сайылбайт. Казакстанда 170 миңден ашык адамга коронавирус жуккан. Анын кесепетинен 2 жарым миңдей адам каза болду. Казак бийлиги вирус аныкталбай, бирок өпкө кагынышынан каза болгондорду өзүнчө эсептеп келет.