Жаңылыктар
Ички иштер органдарынын иши талкууланды
Саясат
Ички иштер органдарынын иши талкууланды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу мекеме жетекчисинин маалыматын укту.

Жунушалиев ички иштер органдарынын бөлүктөрү өлкөдө өтүүчү ири эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кандай даярдыктарды көрүп жатканы, ошондой эле туристтик сезон мезгилинде коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө дагы айтып берди. 

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу боюнча жасалып жаткан иштер боюнча дагы сөз болду. Президент өлкөдө укук тартибин камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча чараларды активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.