Жаңылыктар
Туристтердин коопсуздугуна кам көрүлөт
Туризм
Туристтердин коопсуздугуна кам көрүлөт

Бүгүндөн тартып Чүй облусунда туристтик сезон үчүн жарандарды кабыл алуучу милициянын көчмө кабылдамасы ишке кирди. Милициянын көчмө кабылдамасы Чүй облусунун аймагында жашоочулардын жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Анын ар биринде үчтөн кызматкер, эки нөөмөт менен иштейт. 

Бири Токмок шаарына чейинки аралыкты караса, экинчиси Чүй облусунун Ысык-Көл облусу менен чектешкен жерине чейинки аймакты карайт. Анда жарандар жакынкы милиция бөлүмчөсүнө барып отурбай эле, көчмө кабылдаманын ичинде арыз жазып, тиешелүү жардам ала алышат.