Жаңылыктар
Тонолгон туристке акчалай жардам көрсөтүлдү
Туризм
Тонолгон туристке акчалай жардам көрсөтүлдү

Чүй облусунун милиция ардагерлери Ысык-Көлгө бараткан жолдо тонолгон орусиялык туристке акчалай жардам беришти. Жабыркаган жаран менен ардагерлер бүгүн облустук ички иштер башкармалыгында кезигишти. 

Эске салсак, 6-июль күнү майып баласын Ысык-Көлгө дарыланууга алып бара жаткан орусиялык үй-бүлөнүн унаасын Бишкектин четиндеги "Гавайи" эс алуу борборунун тушунан милициянын формасын кийген эки адам токтотуп, 20 миң рубль, 45 миң сом жана 100 евро акчасын алып койгон. 

Бул кылмышка шектүү деп 42 жана 47 жаштагы эки жаран кармалды. Алар мурда Чүйдүн Аламүдүн жана Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыктарында иштеп, тартип бузганы үчүн кетирилген. Бирөө кылмыш жообуна да тартылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.