Жаңылыктар
Атактуу жөө күлүк массалык чуркоону баштап чыкты
Спорт
Атактуу жөө күлүк массалык чуркоону баштап чыкты

Өтө узак аралыкка чуркоо боюнча дүйнөгө белгилүү америкалык жөө күлүк Дин Карназес 29-июндан 10-июлга чейин Улуу Жибек жолун бойлоп, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанды аралап чуркап өтөт. 

Ал кечээ күнү Бишкекке жеткен. Карназес Өзбекстандан баштап, Казакстан, Кыргызстанды басып өтүп, акырында Казакстандын Алматы шаарында финишке чыгып, баш аягы 525 чакырым аралыкты чуркап өтөт. Жолундагы бардык өлкөлөрдө ал жергиликтүү жөө күлүктөр менен бирге чуркап, спорт сүйүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүп келүүдө. 

Бүгүн саат кечки 5те Орто-Сай айылынын жанындагы Боз-Бөлтөк тоосундагы туу орнотулган жерден баштап, шаардын Түштүк Дарбазасындагы "Жеңиш" сейил багына чейин массалык чуркоону баштап чыкты. 

Ошол эле учурда, атактуу америкалык джаз музыканты Энтони Станко жана “The Crucial Elements” тобу “Жеңиш” сейил багындагы салтанатты концерт менен ачты. 

Эске сала кетсек, 3-июлдан баштап Талас облусу, Талас шаары, Суусамыр, Кара-Балта шаарынан Бишкекти көздөй жолун улап келе жатат. "Time" журналы тарабынан дүйнөдөгү эң таасирдүү жүз адамдын бири деп аталган Дин Карназес, чуркоонун философиясы жана ыкмалары, ден соолукка пайдалуу тамактануу жөнүндө көптөгөн китептердин автору.