Жаңылыктар
Москва шаарындагы замандаштардын Президенттин ант берүү аземи боюнча пикирлери
Мекендештер
Москва шаарындагы  замандаштардын Президенттин ант берүү аземи боюнча пикирлери

Бүгүн дүйнөнүн ар тарабындагы мекендештер КТРКнын эфиринен президенттин ант берүү аземине күбө болушту. Кесиптешибиз Мирбек Молдакунов Москва шаарынан замандаштардын пикирлери менен бөлүшөт. 

Масштабы боюнча укмуштуудай иш-чарада ар бир кыймыл, өлкө президентинин айткан ар бир сөзү жарандардын көңүлүн бурду. Мамлекет башчысынын жумуш орундарын түзүп, мигранттардын мекенине кайтып келүүсүн убадалаган учуру мекендештерге өзгөчө жакты.

Бүгүнкү күндө, расмий маалыматтар боюнча Россияда 750 миңден ашуун кыргызстандык миграцияда жүрөт, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, бул көрсөткүч миллиондон ашты. Алардын бардыгы өз өлкөсүнүн гүлдөп-өнүгүшүн, ал жерде аткезчилик жоголуп, билим берүү, медицина тармагы жогорку деңгээлде болушун кыялданат.

Мекендештер тилектештик, талыкпаган эмгек жана мекенге чын дили менен кызмат кылуу өлкөнү өнүгүүнүн жаңы чектерине алып чыгат деп ишенет. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө иштеген ар бир кыргызстандык өлкө экономикасына өзүнүн салымын кошуп келет. Алар республиканын Ички дүң продукциясынын үчтөн бирин камсыз кылууда.