Жаңылыктар
Ош жергесинин тургундары мамлекет башчысына өлкөнүн ар бир жаранын жардам көрсөтүүгө чакырат
Аймак
Ош жергесинин тургундары мамлекет башчысына өлкөнүн ар бир жаранын жардам көрсөтүүгө чакырат

Ынтымак менен тынчтыктын кадырын жакшы билген Ош жергесинин карылары, жаңыдан ишке киришкен мамлекет башчысына өлкөнүн ар бир жаранын жардам көрсөтүүгө чакырат. Анткени, мамлекеттин өсүп-өнүгүшү ар бир атуулдан көз каранды. 

Дал ушул үмүттөрдүн акталышына мамлекеттин жүзү болгон маданият кызматкерлери да ишеним артып турат. Абдували Акимбеков, ант берүү белгиленген жайда Манас эпосунун жаңырып турушун, жаңы президенттин Айкөлдүн эстелигине таазим этишин жакшы жышаан дейт.

Талдоочу Мирлан Маннашов болсо, ант берүү аземине карата даярдыктар боюнча, буга чейинки социалдык тармактардагы элдин ой-пикирине такай баам салып турган. Серепчи, жаңы ажо 30 жылдан бери уланып келе жаткан салттык жөрөлгөлөрдөн баш тартуу менен өзгөрүүнү өзүнөн баштап, жаңыланууга биринчилерден болуп чыйыр жол сала алды,- дейт.

Мамлекет башчынын президенттик мөөнөтү оңой учурга туш келбегени маалым. Ансыз да, кубаттана албай келе жаткан экономикага пандемия да терс таасирин берди. Курулуш, айыл чарбасын, өндүрүшкө эң зарыл болгон агартуу тармагын көтөрүү зарылдыгын, мугалимдер сунуштайт. Билим сапатын көтөрүү менен көп тобокелчиликтин алдын алууга мүмкүн экени айтылды.