Жаңылыктар
Кыргыз эли каада-салтын, нарк-насилин сактоого милдеттүү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз эли каада-салтын, нарк-насилин сактоого милдеттүү

Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгү мусулмандар экени талашсыз жана да Ислам - тынчтыкка, ынтымакка данакер дин экени айтылат. Бирок акыркы күндөрү тигил же бул маданиятты бир беткей таңуулоо жүрүп жатканын президент ачык айткан. Радикалдар жана фанаттар кийим кечеге чейин асылышып, анын аркасында айрымдарды ачык коркутуулар басынтуулар болуп жатканы жалган эмес. Аны менен Алмазбек Атамбаев кыргыз элинин байыртадан келе жаткан салттары ислам динине карама каршы келбестигин билдирип, кыргызстандыктар өз каада салтын нарк насилин сактоого милдеттүү деген.

Адилет Асанкалыев өлкөдө калпак күнүн белгилөөнү ишке ашырган жаш активисттердин лидери. Ал андан тышкары каалоочуларга кыргыз бийин да үйрөтөт. Адилет улуттук каада-салтты даңазалап, өзү ар дайым оймо-чиймесин, дизайнын өзү ойлоп тапкан этностилде кийинет.

Жакында Адилет курбулары менен бирге бабаларыбыздын тарыхына саякат жасоочу жаңы долбоорду баштады. Эми жаштар өлкөнүн булуң-бурчуна улуттук көргөзмө жана фестивалдарды өткөрүп чыкмакчы. Фестивалдын максаты мекендештерибизге кыргыз элинин маданияты жана каада-салтынын өзгөчөлүгүн даңазалап, жайылтуу болуп эсептелет.

Коомдук ишмер Абдымамбет Сариев 20 жылдан бери кыргыз элинин ислам дининдеги изин изилдейт. Ал көп жылдык эмгенине таянып ата-тегибиз кайсы доор болбосун динди өз салтына ылайык карманып келген деп билдирди.

Кылымдарды карыткан кыргыз коомунда аялзатынын өз орду болгон. Аял киши эркин басып-туруп, айткан сөзү өтүп, ошол эле маалда тазалык жагынан өзгөчөлөнгөн. Тактап айтканда эч качан бети-башын чүмкөнүп, оронуп алган эмес. Катаал шарттарда көчүп конуп тиричилик кылган улутту айлана-чөйрө адеп-ахлагынын тазалыгын, тунук акыл эс, алдын ала ой жүгүртүүгө жана жаңы көрүнүштөрдү тез кабыл алууга көндүргөн. Мисалы 30-жылдары Орто Азиядагы элдердин сабатсыздыгын жоюнун жыйынтыгында, тамга таануу жагынан кыргыз эли алдыга озуп чыккан.

Азыр ааламдашуу доору жүрүп жатат. Каны көчмөн эл азыр дагы жаңы өзгөрүүлөрдү кабыл алууда. Бирок арасында терс көрүнүштөрдү дагы өзүнө таңуулоо аракети байкалат. Учурда эзелтен бери кыргыз эли аздектеп келген баалуулуктардын тамырына доо кетип жатат. Себеби азыркы күндүн жашоочулары бөлөк элдин маданиятын, жада калса жүрүм-турумун да адашып кабыл алып жатканы өкүндүрөт.

Бул өңдүү улуттук кийимдер Аида Майташеванын колунан жаралат. Уз айым кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз элинин кийимдерин азыркы замандын талабына жараша бычып, тигип чыгат. Бүгүнкү күндө мындай үлгүдөгү кийимдерге кызыккандардын саны өсүүдө. Биринчиден ыңгайлуу, экинчиден кошулмасы жок кездемеден даярдалат, анан калса саркеч. 

Учурда улуу, кичүү дебей баардык курактагы аялзатына табитине жараша жана мезгилдин өзгөрүшүнө ылайыкталган чыптама, көйнөк жана башка кийим түрлөрү жайылууда. Дал ушундай кийим түрлөрү аба-бабадан калган баалуулук катары эсептелет. Анткени булар өзүн байыртан бери мусулманмын деген кыргыздын кыз-келиндери, улгайган апалардан калган баалуулуктар. 

Кыргыз элинин көөнө маданияты, үрп-адаты жана улуттук кийими ислам дининин принциптерине шайкеш келет. Бул тууралуу Орозо айт күнү Президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарга карата кайрылуусунда айтылды. 

Мындай пикирге диний ишмерлер менен теологдор дагы кошулат. Илимпоз Кадыр Маликовдун айтымында, ислам дини баарын өзүнө камтыган, ар бир улутка дал келчү универсалдуу дин. Бул динди тутунган өлкөлөр өз баалуулуктарын сактап, андан ары өркүндөтө алат. Дин жаатындагы аалымдардын баамында, биздин элдин үрп-адаты жана ак элечек баштаган кийим кечеси дүйнөдөгү ири диний агым исламдын талаптарына дал келет.

Ислам дининде бөтөн маданиятты, жүрүм-турум, жада калса кийимдерди таңуулоого жол берилбейт. Бирок азыркы ааламдашуу доорунда, мусулманчылыктын мыкты жөрөлгөлөрүн өз салтына шайкеш келтирген кыргыз элине жат көрүнүштөрдү таңуулаган аракеттер бар экени байма бай айтылып келет. 

Кыргыз коомуна туура келбеген көрүнүштөр менен күрөшүү аракеттери көрүлүп жатат. Кыргызстан дин башкармалыгы өлкөдөгү жарандарга бөлөк элдин салтына баш ийүү, кийимин кийүү өңдүү көрүнүштөрдү таңуулоо туура эмес экенин түшүндүрүү максатында ар кандай иш-чара өткөрүлөрүн билдирди. 

Интеллектуалдык ислам адамзаттын аң сезимин ойготот. Балким ушул үчүн акыркы жылдары бул дин чабуулга кабылууда. Азыр атайын ислам динин жек көргөзүү аракеттери террордук топтор тарабынан жүргүзүлүп келет. Диний адистердин пикиринде, бүгүн кыргыз коомунда эки жаман көрүнүш бар, анын бири динге катуу берилүү жана светтик радикализм менен исламафобия. Бул эки карама каршы тарапты кызыкдар күчтөр кайраштырат. Алардын негизгиси максаты коомду бөлүп жаруу. Ошондой эле, бөтөн көрүнүштөрдү таңуулоо мамлекеттердин коопсуздугуна, атүгүл үй-бүлөдө да карама-каршылык туудуруп жатканы анык.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз  (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!WhatsApp +996551748118