Жаңылыктар
Бишкекте "Казак менен кыргыздын ак тандай акыны - Жамбыл Жабаев" аталган иш-чара өттү
Маданият
Бишкекте "Казак менен кыргыздын ак тандай акыны - Жамбыл Жабаев" аталган иш-чара өттү

Борбор калаада "Казак менен кыргыздын ак тандай акыны - Жамбыл Жабаев" аталышындагы иш-чара өттү. 

Кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акындын 175 жылдыгына арналган иш-чарага эки өлкөнүн бир катар мамлекеттик жетекчилери, окумуштуулары жана илимпоздору катышты. Анда залкардын кыргыз элинин сөз өнөрүн мыкты билип, кыргыз жерин аралап ырдап, өнөрүн элге таанытканы айтылды. 

Ошондой эле саамалыктын алкагында улуу мурас "Манас" эпосунун казак тилинде чыккан китебинин бет ачары да болду. Кара сөз түрүндө жазылган басылма миң нускада жарык көрдү. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы Эл аралык Түрк академиясы менен биргеликте уюштурулган мааракенин дагы бир олутту жагы - өз ара илимий жана маданий кызматташуу келишимине кол коюлду.