Жаңылыктар
Кымыз десе, кыргыз ойго келет
Кыргызстан жаңылыктары
Кымыз десе, кыргыз ойго келет

Бээнин сүтү миң ооруга даба делет кыргызда илгертеден. Анткени жылкы баласы жаныбарлардын ичинен анча мынча ача туяктуулардай илдеттерге чалдыга бербеген, чөптүн түрүн тандап жеген төрт түлүктүн бири. Кечке желеде байланган кулунун айланчыктап алыс кетпегени болбосо, агытканда асман тиреген тоолорду көздөй отту жерди издеп жөнөйт. Мына ушундай кастарлуу жаныбардын сүтүнөн жасалган кымызды кыргыздар баалап барктап ичишкен.

Өтүп кеткен жума ичинде Бишкекте кымыз фестивалы өттү. Анда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген кымыздар коюлду.

Кымыз десе, кыргыз ойго келет. Анткени ал байыртадан келе жаткан көчмөн кыргыз элинин улуттук суусундугу. Жашоосунда кымыз ичип, келгендерди бул суусундук менен сыйлап келген. 

Анын жасоо технологиясын көчмөн элдер көп кылымдар бою сыр катары сактаган. Бирок, азыр бээ баккан ар бир кыргыз бүлөсү кымыз жасайт. Түпкү салттык жасоо технологиясы эч өзгөргөн жок. Бирок, сатыкка чыга баштады. А көчмөн кыргыздарда акты сатпайт деген түшүнүк болгон. Азыр болсо, бээ баккандар кымыз сатып, киреше табат.

Жума ичинде кымыз майрамы уюштурулуп, анда суусундук саткандар өз кымызын бир топ эле жарнамалап алды. 

Кочкор, Алай-Куу, Нарын, Суусамыр жана Өтмөк жайлоолорунан алынып келинген кымыздын түрлөрү бири-биринен даамы менен айырмаланып турду. Кымызды баалаган, билген адамга бээнин жеген бетегесине жараша суусундук бири-биринен обочолонуп турат экен.

Анан да кымыз даамы менен эле эмес, өңү менен да бири-биринен айырмаланат. Бул дагы чөпкө жараша.

Анан да жарманкеден буудай жүз кымыз дагы таап алдык. Көрсө, ал ышталган экен. Фестивалда көпчүлүк көрө элек каймак - май менен майланган чанач дагы көрсөтүлдү. Чанач көчмөн элдин тарыхында маанилүү орунда турат. 

Чанач, кымыздын түрү, саамал - бул кымыз майрамынын негизги көрүнүшү болду. Бул - майда деп маани берилбеген көрүнүш - улуттук идеологиянын башаты болсун деген тилекте фестиваль уюштурулду. 

Иш-чарада кымыз ичүүнүн каадасы да көрсөтүлдү. Негизи, бээ байланган үйдөн эртең менен айылдагылар кымыз иччү. Кирген кишилер кымызга тойбой чыгуу болбойт. Эгер кирген кишилерге кымыз аз болуп тойбой калса, анда чоң намыс болот, ал үй берекесиз болуп эсептелчү.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз  (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118