Жаңылыктар
Иран бийлиги жарым жыл ичинде экинчи спортчуну өлүм жазасына тартты
Дүйнө
Иран бийлиги жарым жыл ичинде экинчи спортчуну өлүм жазасына тартты

Ирандын Дизфуль шаарындагы түрмөдө 30 жаштагы балбан Мехди Али Хоссейни өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып чыкты. 

Бийлик Хоссейнини 2015-жылы массалык мушташ учурунда адамды өлтүргөн деп айыптаган. Жабырлануучунун үй-бүлөсү аны кечирүүдөн баш тартышып, Хоссейни өлүм жазасына тартылган.

Иран күрөшүнүн легендасы, Олимпиада оюндарынын, Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарынын алтын медалынын ээси Хамид Сурян жабырлануучунун үй-бүлөсүнө Хоссейниге кайрымдуулук кылуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес.

Хоссейни улуттук жана эл аралык турнирлерде чыккан эмес, бирок регионалдык мелдештерге катышкандыгы жазылат.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын сентябрь айында 27 жаштагы Навид Афкари өлүм жазасына тартылган. Ал 2018-жылдын жайында болгон нааразычылык акциясына катышкан. Спортчу адам өлтүргөн деген айып менен камакка алынган. Бирок укук коргоо уюмдары анын кылмышты мойнуна алганы кыйноолордун натыйжасында болгон деп, спортчу саясий себептер менен өлүм жазасына тартылганын жазып чыгышкан.