Жаңылыктар
«Ак-Жол—Автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайы марттын аягында ишке берилет
Чек ара
«Ак-Жол—Автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайы марттын аягында ишке берилет

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол—автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайы марттын аягында ишке берилет. Азыркы тапта курулуш иштери жүрүп жатат. 

Өткөрүү жай мурдакыга караганда үч эсе чоңоюп, эки мамлекеттин жарандарын өткөрүүдө шарттар бир топ жакшырган. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов иштин жүрүшү менен таанышып, курулуш компаниясына анын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.

Эки өлкөнүн макулдашуусу менен 2020-жылдын башында курулуш иштери башталган. Анда жөө өткөндөр үчүн өзүнчө, унаа жана жүк менен өткөн чоң транспорттор үчүн кеңейтилген жол курулуп, заман талабына жараша бардык шарттар камтылган.

Мында кеңейтилген административдик блок гана эмес, спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай болуп, жолдун бардык тарабы кеңейтилген. Мындан сырткары тегерек-четиндеги 7,5 гектар жер да толук оңдоондон өтүп, айланасына керектүү тейлөө аянттары курулууда.