Жаңылыктар
М.Мамытканов: Турак жайларды куруу учурдунда өрт коопсуздугунун чаралары сакталбай жатат
Кыргызстан жаңылыктары
М.Мамытканов: Турак жайларды куруу учурдунда өрт коопсуздугунун чаралары сакталбай жатат

Турак жайларды курууда 65 пайыздан ашуун учурда өрт коопсуздугунун чаралары сакталбай жатат. Мындай пикирди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов кеңешмеде билдирди. 

Мамытканов өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тараптан өрт коопсуздугун сактоо чаралары боюнча калкты маалымдоо жаатындагы жүргүзүлүп жаткан ишин сынга алды. Айтымында, сууктун түшүшү менен тургундар электр техникаларын, жылуулук берүүчү жабдууларды активдүү колдоно баштайт. Аларды туура эмес пайдалануу айрым учурда кайгылуу кесепеттерге алып келүүдө. 

Ошондой эле Мамытканов өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби - өрт коопсуздугу жаатындагы жетишсиз деңгээлдеги маалымдоо экенин билдирди. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө район, облустар чегиндеги өрт коопсуздугу чараларын сактоодо алдын алуу чаралары жүргүзүлгөн субъекттердин саны тууралуу маалымат берүүсү тапшырылды. Калк арасында таркатуу үчүн өрт коопсуздугу чараларын сактоо тууралуу түшүндүрмө видеороликтерди жана видеонускамаларды даярдоо да айтылды.