Жаңылыктар
Сурабалдиева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкектеги № 21 мекемесине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Сурабалдиева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкектеги № 21 мекемесине барды

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкектеги № 21 мекемесине барды. Ал эркинен ажыратылгандар отурган жайдын санитардык абалын, ашканасын, камакка алынган жактар кармалган камераларды, чарба-тейлөө жумуштарын аткаруу үчүн калтырылган соттолгондор жашаган жайды көрүп чыкты. 

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бул жакка келгендер ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамасы болгондо гана кабыл алынып, кире бериште дене табы текшерилет. Айыпталуучу менен жолугушуулар айнек тосмолор аркылуу жүрүп, сот жыйындары видеобайланыш форматына өтүп жатат. Дене табы көтөрүлгөн жана коронавирустук инфекцияга шектелгендер үчүн карантиндик камералар даярдалган. Ошондой эле кайрадан келген камалуучулар изоляцияланган постто алгоритм боюнча милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинде болушат.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу COVID-19 жаңы түрүнүн жайылышын алдын алуучу тийиштүү санитардык талаптарды тыкыр сактоону эскертти. Эльвира Сурабалдиева мекемедеги айыпталуучуларга түзүлгөн шарттар менен таанышып, жарандар менен пикир алышты.

Мындан тышкары, Сурабалдиева Саламаттык сактоо министрлигине мекемени Тез жардам унаасы менен камсыздоо маселесин чечүүнү, ошондой эле жазаларды аткаруу тутумунун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын акысыз негизде жогорулатуу жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн аталган тутумдун тийиштүү бөлүктөрүнө бөлүштүрүүнү тапшырды.