Жаңылыктар
Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра карай баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра карай баштады

Жогорку сот Азимжан Аскорвдун ишин Бириккен улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитетинин сунушуна байланыштуу кайрадан карай баштады. Соттук отурум бүгүн эртең менен саат 10до башталып, процесс ачык өтүүдө. Ага эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышууда. 

Эске салсак, Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларында Жалал-Абадда массалык тартип бузууларды уюштурган, улуттар аралык чыр-чатакты тутандырган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө катышы бар деп айыпталып, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылгандан кийин өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ушул жылдын апрель айында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын, анын абакта оор шартта отурганын айтып чыгып, сот өкүмүн кайра карап чыгуу сунушун жөнөткөн. Бирок жабырлануучу тарап анын абактан бошотулушуна каршы болуп келет.

 Бүгүнкү отурумда жактоочулар Аскаровду сот процессине катыштыруу өтүнүчүн келтиришип, бирок соттук коллегия аны муктаждык болсо гана сот залына алып келүү чечимин чыгарды. Отурумда алгач ишти кароонун негизи боюнча баяндама жасалып, андан соң жактоочулар сүйлөштү. Учурда жабырлануучулардын кечиккендигине байланыштуу сот отурумуна 15:00гө чейин танапис жарыяланды. Сот процесси коопсуздук чаралары күчөтүлгөн абалда өтүүдө. Жогорку Соттун тегерек четин милиция кызматкерлери кайтарууга алып, жараяндын катышуучулары тыкыр текшерүүдөн өткөрүлүүдө.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118