Жаңылыктар
Евразия экономикалык комиссия кеңешинин жыйыны
Экономика
Евразия экономикалык комиссия кеңешинин жыйыны

Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун катышуусунда Евразия экономикалык комиссия кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция байланыш режиминде өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар Евразия экономикалык бирлигиндеги атайы, коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмин өркүндөтүү боюнча кадамдарды, Евразиялык экономикалык бирликтеги идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо тутумун базалык технологиялык уюштуруу модели тууралуу маселени талкууланып, бир катар доккументтер жактырылды. Кезектеги жыйын 8-февралга белгиленген.