Жаңылыктар
Учурда эмгектенип жүргөн адамдар пенсиясын ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерден ала алышат
Экономика
Учурда эмгектенип жүргөн адамдар пенсиясын ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерден ала алышат

Ушул тапта эмгектенип жүргөн адамдар пенсиясын ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерден ала алышат. Себеби 1-январдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнүн пенсиялык Макулдашуусу күчүнө кирди. 

Бул документтин маанилүүлүгү тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Экономика жана каржы саясаты боюнча Министри Тимур Жаксылыков, Москва - Бишкек - Ереван - Минск - Нур-Султан өлкөлөрү аралык өткөн видекөпүрө учурунда айтып берди. Макулдашууга ылайык ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилеринин пенсияны өз мекенинде иштеген мезгилинде гана эмес, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде иштеген мезгилинде алуу укугун камсыз кылат. 

Ошол эле учурда, жарандардын пенсиялык укуктарын калыптандыруу жана аларга пенсия чегерүү ошол мамлекеттин жарандары үчүн каралган шарттар менен бирдей болот.