Жаңылыктар
Президент С.Жапаров кризис мезгилинде эл ишенимин өзүнө бура алды
Саясат
Президент С.Жапаров кризис мезгилинде эл ишенимин өзүнө бура алды

Узаган аптада эгемен Кыргызстандын тарыхында өткөөл мезгилдин өлкө башчысын кошкондо алтынчы президент ант берип кызматына киришти. Садыр Жапаров жалпы эл тарабынан шайланган бешинчи мамлекет жетекчиси. Ал Борбор Азия президенттеринин ичинен эң жашы. Элүү эки жашында тактыга отурду.

Садыр Жапаров онунчу январда өткөн президенттик шайлоодо өнөктүккө катышкан элдин сексен пайызга жакынынын колдоосуна ээ болду. Быйылкы пандемия апаатынан улам жаралган экономикалык каатчылык жана октябрь айынан кийинки саясий кризис мезгилинде ал эл ишенимин өзүнө бура алды.