Жаңылыктар
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери коронавирустун пайда болуу себебин иликтөөдө
Дүйнө
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери коронавирустун пайда болуу себебин иликтөөдө

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобу коронавирустун пайда болушунун себебин иликтөө максатында Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз жандыктарын саткан базарга барышты. 

2019-жылы декабрда дал ушул базардын жумушчуларынан алгачкы жолу COVID-19 аныкталган. Маалыматка караганда, эксперттер былтыр жабылган бойдон ачыла элек базарга күчөтүлгөн кайтаруу шартында барып, бир саат анын тегерек-четин чалгындашты. Буга чейин алар шаардагы башка базарларга жана ооруканаларга да барышкан. Ошол эле маалда ДССУнун өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен эркин сүйлөшө албай жатышканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, Кытай бийлиги мындай чектөөлөрдү коомдун саламаттыгын сактоо чаралары менен түшүндүрүп жатат. Пандемия башталганда АКШ Кытайды илдеттин жайылуу масштабын жашырганы үчүн айыптаган. Пекин бул дооматтарды четке каккан. 

Эске салсак, коронавирус 2019-жылдын аягында Ухань шаарында пайда болгон. Андан бери илдет дүйнөдө 100 миңден көп адамдын өмүрүн алды. Учурда анын ар кандай мутацияланган түрлөрү жайылып жатат. Илимпоздор азыркы кезде эң кооптуусу түштүк африкалык штамм экенин айтышууда. Анткени ал тездик менен жугаары жана учурдагы вакциналарга да туруштук бере алары кабарланды.