Жаңылыктар
Москвада “ЭКСПО-2021: Кыргызстан - Россия ийгиликке карай бирге” аталган жыйын өттү
Мекендештер
Москвада “ЭКСПО-2021: Кыргызстан - Россия ийгиликке карай бирге” аталган жыйын өттү

Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү республиканын инвестицияларын илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен биргеликте “ЭКСПО-2021: Кыргызстан - Россия ийгиликке карай бирге” жыйынын өткөрдү. 

Жолугушуудагы башкы маселе Россиянын аймагында кыргыз продукциясын жайылтуу маселеси болду. Анда "Анык БЕЛГИ" улуттук маркировкасын киргизүү темасынын айланасында кызуу талкуулар жүрдү.

“Кыргызстанда жасалган” брендин жайылтуу. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө Россиянын базарына чыгуусуна кантип жардам берүү керек жана эмнеге көңүл бөлүү талап кылынат? “Экспо-2021: Кыргызстан - Россия ийгиликке карай бирге” жыйынынын катышуучулары ушул жана башка суроолордун үстүндө талкуу курду. Иш-чарага Россиянын бардык аймактарынан келген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.