Жаңылыктар
Центерра “Кыргызалтын” менен макулдашпай жаңы компанияны сатып алды
Экономика
Центерра “Кыргызалтын” менен макулдашпай жаңы компанияны сатып алды

Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы “Кыргызалтын” ишканасы менен макулдашпай туруп, жаңы компанияны сатып алган. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын маалымат кызматы билдирүү таратты. Центерра Канададагы алтын жана жез казган “Томпсон Крик Металз” ишканасын 1,1 миллиард АКШ акчасына сатып алган. 32,75 пайыздык акцияга ээ “Кыргызалтынга” бул келишимдер тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес. Кыргыз тарап бул иш боюнча анализ жүргүзүү ниетин билдирүүдө. Эске салсак, Кумтөр кенин казган Centerra Gold Inc. компаниясында “Кыргызалтындын” 32,75 пайыздык акциясы бар акционер катары эсептелет.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118

С. Идирисов, «Биринчи радио»