Жаңылыктар
Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн өзбекстандыктардын саны айтылды
Дүйнө
Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн өзбекстандыктардын саны айтылды

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын 1,6 миллион жараны чет мамлекеттерде иштеп жүрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-январына карата чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардын саны 1 678 400дү түздү. Бул 2020-жылдын башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 782 499 адамга аз.

Чет жактарда жүргөн өзбекстандык жарандардын 481,1 миңин же 28,7% – аялдар, 993,7 миңин же 59,2% – жаштар түзөт.

Мигрант катары иштеп жүргөн өзбекстандыктардын саны боюнча Орусия алдыда — бул өлкөдө 1 192 800 өзбек жараны (71%) бар. Казакстанда 209 300 (12%), Түштүк Кореяда 62 300 (4%), Түркияда 43 200 (3%), БАЭде 5 200 (0,3%) жана башка өлкөлөрдө 165 600 өзбекстандык иштейт.

Өзбек мигранттарынын көбү курулушта (49%), өндүрүштө (11%), соода менен кызмат көрсөтүү тармагында (10,4%), агрардык сектордо (7,8%) жана башка тармактарда (20,9%) иштешет.