Башкы прокуратура тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууда мыйзам бузууларга жол берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, өткөн жылдын 6-майында Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл жүргүзүү департаментинин комиссиясы, жеке коргоонуучу каражаттар: комбинезон, медициналык кол кап, бахила менен жабдууга, эң төмөнкү бааларды сунуш кылган жеткирүүчүлөрдүн сунуштарына көнгөн эмес. Жогорулатылган бааны сунуш кылган ишкана менен түздөн-түз келишим түзүүнү сунушташкан. Натыйжада, нитрил кол каптардын ордуна латекстен жасалган 101 миң 330 даана кол каптарды, 150 миң даана 1,5 сомдук бахилалардын ордуна 150 сомдук 1 миң 500 даана бахилаларды алышкан.
Аталган департаменттин кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин кесепетинен мамлекетке 5 млн 175 миң 200 сомдук материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды. Объективдүү баа берүү үчүн Жазык Кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Билип туруп пайдасыз келишим түзүү" беренелери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү үчүн тергөө органдарына жиберилди.