Жаңылыктар
Борбор Азиядагы эң кымбат футболчулардын тизмеси чыкты
Спорт
Борбор Азиядагы эң кымбат футболчулардын тизмеси чыкты

Германиянын Transfermarkt интернет порталы Борбор Азиядагы эң кымбат футболчулардын тизмесин чыгарды.

Анда Өзбекстан курама командасынын эң кымбат футболчусу, Италиянын "Генуя" клубунун чабуулчусу Эльдор Шомуродов - 6,5 миллион евро, Москвадагы ЦСКАда ойногон казакстандык жарым коргоочу Бахтиёр Зайнутдинов 3,5 миллион еврого бааланды.

Ошондой эле, Красноярск “Енисейинин” жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Валерий Кичинди 800 миң еврого, Болгариянын "Локомотив" клубунун жана Тажикстан курама командасынын оюнчусу Парвизджон Умарбаев 600 миң еврого бааланган.

Руслан Мингазов Түркмөнстандын эң кымбат футболчуларынын рейтингинин башында туруп, аны баасы 500 миң евро болсо,  Польшанын "Лехия" клубунун жана Ооганстан курама командасынын оюнчусу Омран Хайдаринин да трансфердик баасы 500 миң еврого болгон.