Жаңылыктар
Казакстанда саламаттык сактоо тармагында иштеген мурдагы аткаминердин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү
Дүйнө
Казакстанда саламаттык сактоо тармагында иштеген мурдагы аткаминердин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Орол шаарындагы сот Батыш-Казакстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Болатбек Каюповдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.

Мамлекеттик айыптоо мындай өтүнүч менен 2-февралда кайрылып, жүйө катары «кылмыш ишинде дагы бир айыпталуучу пайда болгонун» билдирген. Анын айтымында, кеп күбөлөрдүн бири Саржан Болекова көрсөтмөсүндө белгилеген Айдос Себепов аттуу жаран жөнүндө болууда.

Өз кезегинде Каюповдун адвокаты Тамара Сарсенова бул иште үчүнчү адамды жоопко тартуу ыктымалдыгы тергөө башталганда эле белгилүү болгонун билдирүүдө.

«Бул маалыматтар азыр гана сотто белгилүү болгон жок. Алар өндүрүштүн алгачкы күндөрүндө эле кылмыш ишинде бар болчу. Иштин материалдарын өзүнчө өндүрүшкө алуу тууралуу чечим бар. Себепов бул иш боюнча айыпталса, өзүн актоо үчүн сөзсүз Каюповго каршы көрсөтмө бериши мүмкүн», — деди Сарсенова.

Бирок сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн узартты.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Болатбек Каюпов менен анын шериги деп айтылып жаткан Серик Туралиевдин иши боюнча сот жараяны өткөн жумада башталган. Каюпов өткөн жылы августта медициналык жабдууларды алуу боюнча түзүлгөн келишимден 10% (18,5 миң доллар) «шапке» сураган деп айыпталууда. Каюпов булардын баарын четке кагып, Туралиевди тааныбай турганын билдирүүдө. Туралиев сотто Каюповду өмүрүндө үчүнчү гана жолу көрүп жатканын айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө Болекова аттуу күбө акчаны Туралиев аркылуу Каюповго берип жибергенин билдирген.

Болатбек Каюпов Батыш-Казакстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгын 2020-жылдын март айынан октябрга чейин жетектеген. Ал Туралиев менен бирге октябрда кармалып, камакка алынган.