Жаңылыктар
ФИФАнын президенти: Катардагы дүйнө чемпионатына көрүүчүлөр киргизилет
Спорт
ФИФАнын президенти: Катардагы дүйнө чемпионатына көрүүчүлөр киргизилет

Эл аралык Футбол Федерациясынын (ФИФА) башчысы Джанни Инфантино 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын беттештерине көрүүчүлөр киргизилип, бош орундуктар болбойт деп жарыялады.

Инфантино бул тууралуу ФИФА менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагындагы биргелешкен конференцияда билдирди.

“ Стадиондордо бош орундуктар калбайт. Ошол убакка чейин COVID-19 жеңилет, биз аны менен жашоону үйрөнөбүз,”- деп Инфантинонун сөзүн журналист Роб Харрис Твиттерге жазды.

Эскерте кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты Катарда 2022-жылдын 21-ноябрынан 18-декабрына чейин өткөрүлөт.