Жаңылыктар
Байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды
Кылмыш
Байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси "Коррупция" беренесине шектелип 1-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлап, шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал мамлекеттик жогорку кызмат адамдары жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барган. Өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда алыш үчүн ыйгарым укуктарын мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланган деп айыпталууда.

Шектүү 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторлорунун бирине радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн лицензияны арзан эле берип жиберген. Ачык маалыматтарга караганда Мамлекеттик байланыш агенттигин 2016-жылдын 13-июнунан баштап Чыңгыз Бекташов жетектей баштаган.

Ушундай эле радио жыштык 298 млн. 803 миң сомго сатылганына карабастан, жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сом болгон. Жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Бул ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.