Жаңылыктар
Өлкө аймагында бир түндө эки ирет жер титиреди
Кырсык
Өлкө аймагында бир түндө эки ирет жер титиреди

3-февралдын таңында өлкө аймагында эки ирет жер титиреп, күчү кээ бир аймактарда 4 баллга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Биринчиси саат 03:40та Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында болуп, күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жердин термелүүсү Алай районунун Нура жана Иркештам айылдарында катталган. 

Ал эми экинчиси саат 04:03тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагындагы очогунда катталып, күчү 4 баллга жеткени белгилүү болду. Жердин силкинүүсү Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Кум айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.