Жаңылыктар
Булганыч суунун кесепетинен ич келте оорулары көбөйүүдө
Ден соолук
Булганыч суунун кесепетинен ич келте оорулары көбөйүүдө

Ичүүчү суудан пайда болгон түрдүү оорулардан улам, аны менен күрөшүүгө жылына 5 миллиард сом жумшалат. Жылына 30 миңге жакын адам ичегик арын ооруларынын ар кандай түрү менен ооруканаларга кайрылат. Ичүүчү суунун таза эместигинен Майлуу-Суу шаарында жана Ноокен районунда эл, ич келте оорусунан көп жылдардан бери арыла албай келет. Кайрылган бейтаптардын 70-80 пайызы да, дал ушул аймак тургундары болуп чыккандыгы, ал жердеги ичүүчү суунун таза эместигинен кабар берет.